НАТОнун бардык өлкөлөрү мүмкүнчүлүктөрүн Россияга каршы колдонууда

Россия Федерациясынын бардык аймагында жарандардын коопсуз жашоосу камсыз кылынары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бүгүнкү күндө НАТОнун дээрлик бардык ири өлкөлөрүнүн аскердик потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрү Россияга каршы активдүү колдонулууда. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Россиянын Коргоо министрлигинин коллегиясынын кеңейтилген жыйынында айтты.
"Ошого карабастан биздин аскерлер, сержанттар жана офицерлер Россия үчүн тайманбастык менен, туруктуулук менен алдыга коюлган милдеттерди аткарууда. Россия Федерациясынын бардык аймагында жарандардын коопсуз жашоосу камсыз кылынат", - деди Путин.
Россия лидеринин айткандарынын урунттуу учурларына токтолобуз:
Россиянын бардык, анын ичинде жаңы аймактарында жарандарыбыздын коопсуздугу камсыздалат жана белгиленген пландардын бардыгы аткарылат;
Россия өзөктүк триаданы өнүктүрүүнү улантат, бул — мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактай турган башкы кепилдик;
армияны финансылоо боюнча эч кандай чектөө болбойт, өлкө жоокерлерге эмне керек болсо, баарын берет;
жасалма интеллектинин технологиясы чечим кабыл алынган бардык учурда колдонулушу керек;
жарым-жартылай мобилизация көйгөйлөрдү алып чыкты, аларды чечүү керек;
аба-космостук күчтөрдүн, анын ичинде истребителдердин, бомбалоочу техникалардын күчтөрүнүн согуштук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу керек. Азыркынын маанилүү милдети — пилотсуз учуучу техникаларды өнүктүрүү.
Путиндин күчтү бекемдөө, "Сарматтын" ишке кирери жана жоокерлер тууралуу айткандары