Кадырбеков: Россияда мигранттарды каттоо мыйзамын жеңилдетүү каралып жатат

Эгер ал мыйзам кабыл алынса, мигранттар интернет аркылуу эле өздөрүнүн турган жери тууралуу маалымат берип калат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Россияда чет өлкөлүк жарандарды каттоого алуу жол-жобосун жеңилдеткен мыйзам долбоору каралып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Ал жакында Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары менен жолугуп, жакшы кабар айтылганын белгиледи.
"Чет өлкөлүк жарандарды каттоого тургузуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип жатыптыр. Ал мыйзам өтүп калса, биздин жарандар жеке кабинет аркылуу интернеттен эле өздөрүнүн турган жери тууралуу Миграциялык кызматтарга маалымат бере алат. Азыркыдай кезек күтүп кыйналбай калышат. Биз ошону эртелетип беришин сурандык. Январда комитеттин деңгээлинде экинчи окууда каралат экен. "Колдон келишинче жардам кылып, тездетип беребиз" дешти", — деди Кадырбеков.
Ошондой эле ал бул маселе боюнча төрага дагы өзүнүн атынан кат жөнөтүп койсо жакшы болмоктугун айтты.
Базарбаев: КР мигранттары РФте каттоого туруу үчүн 31-декабрга чейин убакыт берилет