Радио

Ташкенова: Кыргызстанда окуучулар чыгашаларын пландаштырууга үйрөтүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылындагы Молдош Ноорузбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Бактыгүл Ташкенова Кыргызстанда мектеп окуучулары чыгашаларын пландаштырууга үйрөтүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Декабрь айында балдардын финансылык сабаттуулугун өнүктүрүү максатында "ФинЧилистен" сынагы өткөрүлдү. Иш-чарага 1100 мектептин ичинен 6000ден ашуун башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелери катышты. Бул тууралуу Бактыгүл Ташкенова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сынакта ата-энелер бир күндүк киреше жана чыгашасын, аманат топтоосун иштеп чыгып, айлык, жылдык каражатын эсептеп чыгышты.
"Ысык-Көл облусу боюнча 193 мектеп каржылык сабаттуулук боюнча сынакка катышты. Ал эми биздин Сары-Камыш айылындагы Молдош Ноорузбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинен 32 окуучу жана 32 ата-эне иш-чарага барып, каржылык жаатында билимин сынашты. Балдар киреше, чыгаша, аманат сыяктуу түшүнүктөрдү өздөштүрүп, ата-энелери менен үй-бүлөлүк бюджетти талдап, айлык, жылдык чыгашаларын пландаштырышты. "Окуу Керемет!" долбоорунун конкурсу башталгыч класстын окуучуларынын функционалдык математикалык көндүмдөрүн жогорулатуу аркылуу финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү максатында уюштурулган. Долбоордун алкагында декабрдын башында беш миңден ашык мектеп мугалимдери жана билим берүү органдарынын өкүлдөрү үчүн класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу боюнча онлайн тренингдер өткөрүлгөн", — деди Ташкенова.
Ал балдарга кичине чагынан баштап, акча деген эмне жана ал акча кандай жол менен табылып, кандай сарпталышы керектигин үйрөтүү алардын келечегине карай салынган жол экенин кошумчалады.