Мекен-карт алуунун акысы жогорулатылат. Анын артыкчылыгы эмнеде?

Учурда 50 миң мекен-карт даярдалууда, 2023-жылдан тарта бериле баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш чет өлкөнүн жарандыгын алган боордошторго мекен-карт алуунун акысын жогорулатуу боюнча токтом долбоорун кабыл алды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымында, мекен-карт үчүн мамлекеттик алымдын ставкасы учурда 2000 сом, аны 10 миң сомго көтөрүү каралууда.
Мекен-карт мурда чет өлкөнүн жарандыгын алган теги кыргызстандык жарандарга 10 жылдык мөөнөткө берилет. Муну менен өкмөт боордоштордун укуктук абалын жакшыртууну көздөп жатканы айтылды.

"Мында статусту алган чет өлкөлүк жарандарга мамлекеттик документ болуп саналган мекен-карт берилет. Анда ID карта сыяктуу эле бүт документтер камтылган. Аларда мамлекеттик кызматтарда иштөө жана шайлоодо добуш берүү гана укугу жок. Андан башка укуктары Кыргызстандын жарандары менен эле тең болот", — деди Базарбаев.

Атап айтканда, мекен-карт ээсине визасыз кирип-чыгууга, жашап турууга уруксат тариздебөөгө, туруктуу жашоого, ишкана, уюмдарда эмгектенүүгө, саламаттыкты сактоо, билим берүү системасындагы төлөмдөрдү Кыргызстан жарандары менен бирдей төлөөгө, айыл чарба багытындагы жерлерди алууга уруксат берилет.
Учурда 50 миң мекен-карт даярдалууда, 2023-жылдан тарта бериле баштайт.
"Сахароводон" шек саноо: текшерүүгө Кыргызстандан дарыгерлер жөнөтүлүшү мүмкүн