Медведев Си Цзиньпин менен жолугуп, Путиндин саламын жеткирди. Видео

Си Цзиньпин менен Медведев эки өлкөнүн мамилесинин келечегине жогору баа беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Россиянын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Медведев Си Цзиньпинге Россия президентинин кайрылуусун ала келген.
"Путин Кытайдын төрагасына арналган кайрылуусунда диалогдун жана кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлин белгилеп, мамлекеттер аралык, партиялар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө ишеним артты", — деп айтылат маалыматта.
Медведев менен Си эки өлкөнүн абалына жана келечегине жогору баа беришкен.
"Бийликтеги эки партиянын — Кытайдын коммунисттик партиясы менен "Бирдиктүү Россия" партияларынын өз ара мамилеси, эки тараптуу кызматташуу, Кытай менен бардык тармактарда стратегиялык өнөктөштүк жана эл аралык суроолор талкууланды", — деп билдирди Медведев.
Ал сүйлөшүүлөр пайдалуу болгондугун кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШнын Украина жаңжалында көздөгөн үч максатын атады