Кыргызстандык кыз Россиядагы студенттер сынагында жеңүүчү болду

Россиянын улуттук сыйлыгы окууда, илимде, спортто, чыгармачылыкта, коомдук турмушта ийгилик жараткан жаштарга ыйгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Ажар Аламанова бүткүл россиялык "Жылдын студенти — 2022" конкурсунда "Жылдын чет элдик студенти" наамында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.
Сыйлык тапшыруу салтанаты Москва шаарында 17-декабрда өттү. Аламанова Сибирь федералдык университетинде билим алып жатат. Үч тилде окуп, илимий жана коомдук иш менен алектенет. Ажар институттук, университеттик жана аймактык сынактардын тандоо этаптарынан өткөн. Конкурс өзү жөнүндө айтып берүү, иштиктүү сапаттарын тааныштыруу, Россия элдеринин маданиятын билүү, өз өлкөсүнүн маданиятын көрсөтүү бөлүмдөрүнөн турган.
"Мен жаңы таасирлерди жана шыктануу алайын, күнүмдүк нерселерден өзгөчөлөнгөн тажрыйбага ээ болоюн деп келгем. Баарын көрдүм, алдым десем болот. Финал абдан маңыздуу болду, ал гана эмес чарчаганымды да сездим. Бирок аны менен кошо өзүмдүн номинациямда балдардан, эксперттерден, уюштуруучулардан көптү үйрөндүм. Башкысы, алган тажрыйбам, жаңы тааныштар, байланыштар жана идеялар болду", — деп айтып берди кыргызстандык Ажар Аламанова.
Россиянын "Жылдын студенти" деп аталган бул улуттук сыйлыгы окууда, илимде, спортто, чыгармачылыкта, коомдук турмушта ийгилик жараткан жаштарга ыйгарылат.
Кыргызстандык Москвада өткөн "Романсиада" сынагында жеңүүчү болду