Ысык-Көл тараптан Кытайга өткөн жолго чек ара бекетин ачуу пландалууда

Кеп болуп жаткан пункт Ысык-Көл облусунун Үзөңгү-Кууш жайлоосу тарапта жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытай "Бедел" чек ара өткөрмө бекетин ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министр Данияр Амангелдиев Кытайдын СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмей менен жолугушкан.
"Тараптар Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолун куруу жана "Бедел" өткөрүү пунктун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты. Ошондой эле Ысык-Көл облусу менен СУАР ортосунда боордоштукту түзүү маселесин көтөрүштү", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, курула турган "Бедел" чек ара пункту Ысык-Көл облусунун Үзөңгү-Кууш жайлоосу тарапта жайгашкан. Учурда Кыргызстан Кытай менен Нарын жактан "Торугарт" жана Ош тараптан "Эркеч-Там" өткөрмө бекети аркылуу кирип чыгып жүк ташыйт.
Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун салууга эл аралык уюмдар жардамдашат