"Кыргыз электроника" коммутатор жана серверлерди чыгармакчы

Мамлекеттик компания кытайлык H3C Technologies Co. компаниясы менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Кыргыз электроника" ири түйүндүү коммутатордук жана сервердик жабдууларды өзүнүн бренди менен чогултуп, жасап чыгарууну көздөп жатат.
"Кыргыз индустрия" ишканасынын билдиргенине караганда, мамлекеттик компания кытайлык H3C Technologies Co. компаниясы менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон.
IТ-жабдууларын чыгаруу боюнча долбоордун башталышы Кыргызстандагы жогорку техникалуу өндүрүштүн жанданышына көмөкчү болорун айтты.
Кытайлык компания "Кыргыз электроникага" техникалык колдоо көрсөтүп, андан сырткары жергиликтүү инженерлерди окутуп, даярдап берерин билдирди.
Радио
Сагынбаев: КамАЗды Кыргызстанда чогултууну сунуштадык