Радио

Эмилбеков: кинонун жаманы жок

Үн оператору Арген Эмилбеков көрүүчүлөр тасманы баалаганда чыгармачыл топ шыктанып, алдыда мыкты тасмаларды жараткысы келип каларын айтты.
Sputnik
Көрүүчүлөр кадр артында иштеген адамдарды көп учурда тааный бербей тургандыгын Арген Эмилбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.
Анын айтымында, ар бир тасма эмгекти жана убакытты талап кылгандыктан кинонун жаманы жок.
"Көрүүчүлөр көп учурда кадр артында иштеген адамдарды тааныбайт. Режиссёрду гана айрымдар билиши мүмкүн. Ал тасманын артында кимдер иш алып барганын биле беришпейт. Ошол эле учурда тасма көрсөтүлгөндөн соң ар кандай сындар айтылат. Мен жалпы көрүүчүлөргө айткым келет, кинонун жаманы жок. Анткени ага канча деген убакыт, эмгек жана каражат кетет. Бул нерселерди эске алып, кино жаратмандардын эмгеги бааланса дейм. Жаман жактарыбызды жашырып, жакшы жактарыбызды көбүрөөк айтса, биз да алдыдагы долбоорлорду мыкты жаратууга аракетибизди жумшайбыз. Элдин жагымдуу сөзү чыгармачыл топко дем-күч берет. Мен үн жагында иштегендиктен кинонун мынчанчы мүнөтүндө үн ушундай болуптур деп кетирген катамды же ийгилигимди айтса эмгегиме маани берип жаткан турбайбы деп кадимкидей кубанып калам", — деди үн оператору.
Ал алгачкы жолу үн оператору болуп Азамат Арыков режиссёрлук кылган "Мурас" тасмасында иш алып барганын кошумчалады.