Медаль менен орденден жогору турган эки мамлекеттик сыйлык негиздөө сунушталууда

Юстиция министрлиги баатырларча курман болгон адамдарга ыйгарылчу Эрдик медалынын кадырын жогорулатууну да демилгелеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстанда орден менен медалдардан жогору турган мамлекеттик сыйлыктын өзгөчө категориясын негиздөө сунушталууда. "Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" мыйзамга кире турган тиешелүү өзгөртүүлөрдү Юстиция министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Учурдагы мыйзамда мамлекеттик сыйлыктын бир нече категориясы бар:
жогорку категория — "Кыргыз Республикасынын Баатыры" өзгөчө белгиси
биринчи категория — ордендер;
экинчи категория — медалдар;
Ардак грамоталар жана ардак наамдар.
Документтин негиздемесинде азыркы мыйзамда эрдик менен курман болгон жарандарды көзү өткөндөн кийин мамлекеттик сыйлыктын экинчи категориясына кирген Эрдик медалы менен гана сыйлоого болору айтылган.
"Эрдиктин, мамлекеттик сыйлыктын шайкештигин камсыздоо максатында, андан сырткары курман болгон баатырлардын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн өзгөчө категориядагы — Ата Мекен баатыры жана Эмгек баатыры сыйлыктарын түптөө сунушталат. Мамлекеттик сыйлыктардын тизмесинде алардын орду орден, медалдардан өйдө турат", — дешкен мыйзам долбоорунун авторлору.
Мындан сырткары, Эрдик медалын орден менен алмаштыруу сунушу киргизилген.
"Эрдик ордени менен аталган медалга көрсөтүлгөндөй эле өмүрүн тобокелге салып, кызматтык, аскердик жана жарандык милдетин аткарууда каармандык, кайраттуулук көрсөткөндүгү үчүн сыйлоо каралат", — деп белгилеген Юстиция министрлигинен.
Кайсы президент орден, медалды көп ыйгарган? Сыйлык ээлери кантип тандалат