Афганистанда белгисиз оорунун очогу катталды

Афганистанда 80ге жакын адам белгисиз дартка чалдыгып, эки жаш бала каза болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Афганистандын Забуль провинциясында белгисиз оорунун очогу катталып, илдетти 80ге жакын адам жугузса, эки жаш бала андан көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Tolo News телеканалына шилтеме берип жазды.
Провинциянын саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Абдула Хакимдин айтымында, оору Шахджой районунда аныкталган.
Ал ооруп калгандардын дене табы көтөрүлүп, мурду канап жатканын айткан. Азырынча дарыгерлер бул инфекцияга так аныктама бере элек.
Кыргызстанда грипптин кооптуу түрү, чочко тумоосу аныкталды