Жаңы жыл түнү Бишкекте фейерверк болот. Канча акча сарпталары айтылды

Өткөн жылы калаада майрамдык салют атылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жаңы жылдын түнүндө Бишкектин борборунда майрамдык салют атылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Майрамдык фейерверкти уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом бөлүнгөн. Буга чейин тендерде 900 миң сом каралганы айтылган. "Ала-Тоо" аянтында концерт да өтөт.
Эске салсак, өткөн эки жыл катары менен баш калаанын бийлиги түтүндөн улам майрамдык салюттан баш тарткан. Быйыл майрамдык фейерверк Эгемендүүлүк күнүндө (31-август) болду.
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт