Садыр Жапаров Бишкектеги Аскер институтуна капыстан барып, текшерди

Окуу жайдын ишмердүүлүгү, абалы, курсанттардын социалдык-турмуштук шарттарын көрүп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтун күтүүсүз текшерүүгө алды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Жапаров институтту ичинен көрүп чыккан.
Жогорку аскердик окуу жайынын ишмердүүлүгү, абалы, окуу процессинин уюштурулушу, аскер кадрларын даярдоо методикасына кызыккан. Мындан сырткары, аскердик кызматтын коопсуздугу жана курсанттардын социалдык-турмуштук шарттары менен таанышкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Жапаров билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, профессордук-окутуучулук курамдын жогорку кесиптик билимин жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу, аскердик уставдын талаптарын так сактоо жана аткаруу тапшырмаларын берген. Ошондой эле Аскер институтунун курсанттарынын социалдык-турмуш шарттарын жакшыртуу маселелерин тез арада чечүү милдетин койгон.
Жапаров: "дедовщинадан" бир аскердин мурду канаса, командири камалат