Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборунда Соцфонддун терезеси ачылды

Иштөө графиги саат 9:00дөн 18:00гө дейре, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Ош шаарынын Калкты тейлөө борборунда Социалдык фонддун терезеси ачылды. Бул туурасында аталган мекеменин төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
1 / 2

Ош шаарынын Калкты тейлөө борборунда Социалдык фонддун терезеси ачылды.

2 / 2

Ош шаарындагы Калкты тейлөө борбору Касымбеков көчөсү №8г/1 дарегинде жайгашкан. Иштөө графиги саат 9:00дөн 18:00гө дейре, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин болот.

Мындан ары камсыздандырылган адам калаадагы КТБ аркылуу Соцфонддун төмөнкү кызматтарын алууга арыз бере алат:
пенсия дайындоого;
пенсияны кайра эсептөөгө;
пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалым кат алууга;
жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алууга;
пенсия төлөөнү узартууга;
сөөк коюуга ырым-жырым жөлөк пулун алуу боюнча;
пенсияны төлөө каналын алмаштырууга;
пенсиянын топтомо бөлүгү тууралуу маалымат алууга;
пенсиялык күбөлүк берүү.
Ош шаарындагы Калкты тейлөө борбору Касымбеков көчөсү №8г/1 дарегинде жайгашкан. Иштөө графиги саат 9:00дөн 18:00гө дейре, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин болот.
Соцфонддун реформасынан кийин эң төмөнкү пенсия 3 170 сом болот