Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Батыштын Россияны изоляциялоо аракети ишке ашкан жок

Кечээ Владимир Путин Беларусь президенти менен сүйлөшүү үчүн Минскиге келген. Россия лидерин коргоо жана тышкы иштер министрлери Сергей Шойгу менен Сергей Лавров коштоп жүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Батыштын Россияны обочолонтуу аракетинен майнап чыккан жок, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн "көзү ачылды". Мындай билдирүүнү РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров жасаганын РИА Новости жазды.
"Бул аракеттер майнапсыз. Биздин батыштык кесиптештерибиздин аракеттери ишке ашкан жок", — деди министр Минскидеги жогорку деңгээлде өткөн россия-беларусь сүйлөшүүлөрүнүн алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Анын айтымында, дүйнө өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү кыраакылыгын көрсөттү. "Биз тышкы саясатыбызды түзүүдө сөзүнө турган, далилдеген өнөктөштөргө гана таянабыз", — деп кошумчалады Лавров.
ТИМ: Евробиримдиктин газга болгон чектөөсү рыноктун деградациясына алып келет