Жоламан, Мээрим, Үзүр Бишкектеги турнирде россиялык балбандарды жеңди. Видео

Турнир Бишкек шаарындагы Спорт сарайда өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Россиядан келген спортчуларды жеңип алды.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте Poddubny Wrestling League спорттук күрөш боюнча беттеш өтүп жатат.
Анда Үзүр Джузупбеков Александр Головинди 3:3 эсеби менен утуп алды. Мында Үзүр акыркы аракетти жасаганы үчүн жеңүүчү деп табылды.
Андан соң Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова чыгып Ксения Буракованы 6:2 эсебинде жеңди.
1 / 6

Үзүр Джузупбеков Александр Головинди 3:3 эсеби менен утуп алды.

2 / 6

Мында Үзүр акыркы аракетти жасаганы үчүн жеңүүчү деп табылды.

3 / 6

Андан соң Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова менен россиялык Ксения Буракованы

4 / 6

Жуманазарова 6:2 эсебинде жеңди.

5 / 6

Ал эми дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков россиялык Анвар Аллахьяров менен күрөшүп баштап экинчи мүнөткө келгенде каршылашы жамбашка көтөрүп чабам деп бутун кайрып алды.

6 / 6

Мындан улам Жоламанга жеңиш ыйгарылды. Кыргызстандык балбан жаракат алган атаандашын килем үстүнөн көтөрүп алып кетти.

Ал эми дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков россиялык Анвар Аллахьяров менен күрөшүп баштап экинчи мүнөткө келгенде каршылашы жамбашка көтөрүп чабам деп бутун кайрып алды. Мындан улам Жоламанга жеңиш ыйгарылды. Кыргызстандык балбан жаракат алган атаандашын килем үстүнөн көтөрүп алып кетти. Анын мындай мамилеси залда отургандардын алкоосуна татыды.
Аталган турнирде дүйнөнүн күчтүү балбандарынын катышуусунда кыл чайнашкан кармаштар тартууланат. Ага Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Заурбек Сидаков жана Заур Угуев, оюндун байге ээлери Артур Найфонов (Россия), Амир Заре (Иран), дүйнө чемпиондору Малхас Амоян (Армения) катышат.
Кыргызстандын волейбол командасы зоналык Азия чемпионатына катышууда