Кочкордо заманбап спорткомплекс пайдаланууга берилди. Сүрөт

Имарат 7 миллион 72 миң сомго бүткөрүлгөнү маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айылында заманбап спорткомплекс пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 6

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айылында заманбап спорткомплекс пайдаланууга берилди

2 / 6

Маалым болгондой, имарат республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренесине ылайык 37 миллион 72 миң сомго бүткөрүлдү

3 / 6

Спорткомплекстин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эрмекбай Омошев жана райондун эли катышты

4 / 6

Жаңы ачылган спорткомплексинде баскетболдук-волейболдук аянтча, күрөш жана тренажёрдук залдар бар

5 / 6

Мындан тышкары, столдун үстүндө теннис жана шахмат ойноочу залдар, жуунуучу жай, чечинип-кийине турган бөлмө жайгашкан

6 / 6

Спорткомплекс күнүгө 120 спортчуну машыктырууга ылайыкташтырылып, бардык керектүү заманбап инвентарлар менен жабдылган.

Маалым болгондой, имарат республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренесине ылайык 37 миллион 72 миң сомго бүткөрүлдү.
Спорткомплекстин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эрмекбай Омошев жана райондун эли катышты.
Жапаров спорткомплекс акжолтой болуп, бул жерден Кыргызстандын атагын чыгарган мыкты спортчулар чыгуусун тилек кылды.
Жаңы ачылган спорткомплексинде баскетболдук-волейболдук аянтча, күрөш жана тренажёрдук залдар бар. Мындан тышкары, столдун үстүндө теннис жана шахмат ойноочу залдар, жуунуучу жай, чечинип-кийине турган бөлмө жайгашкан. Спорткомплекс күнүгө 120 спортчуну машыктырууга ылайыкташтырылып, бардык керектүү заманбап инвентарлар менен жабдылган.
Ысык-Көлдө 20 миллион долларга спорт комплекси курулат