Мектептердеги карантин 30-декабрга чейин узартылышы мүмкүн

Буга чейин окуучулар 24-декабрга чейин аралыктан окууга өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Мектептердеги карантин 30-декабрга чейин узартылышы мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиялык кырдаалдан улам ушундай чечимди кабыл алуу сунушун Билим берүү министрлигине бергенин билдиришти.
Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы бардык мектептерди, анын ичинде жеке менчик билим берүү мекемелерин да 15-декабрдан 24-декабрга чейин аралыктан окууга өткөргөн. Ата-энесиз балдар үчүн интернат тибиндеги мектептер кадимки шартта окуп жатышат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп-интернаттар 16-декабрдан 30-декабрга чейин онлайн-окууга өтүштү. Өлкөдө КРВИ жана сасык тумоо күч алгандыгына байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы мектеп окуучуларын аралыктан окутуу чечимин кабыл алган.
Өткөн жумада 44 миңден ашык киши сасык тумоо, грипп менен ооруду