Евробиримдик газ баасынын чегин бекитти

Евробиримдиктин энергетика министрлери газдын баасын МВт/саатына 180 евродон лимит коюуну макулдашты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Чехиянын премьер-министри Петр Фиала Евробиримдиктин энергетика министрлери жаратылыш газынын баасына чек коюуну макулдашканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мальтанын энергетика министрлигинин башчысы Мириам Даллдын айтымында, рынокту жөнгө салуу механизминин алкагында газдын бир мегаватт/сааты 180 евро өлчөмүндө белгиленет. TTF биржасынын эсебине жараша газ баасын чектөө 15-февралдан тарта күчүнө кирет.
Рынокту жөнгө салуунун убактылуу механизми ЕБдеги бардык виртуалдык газ соода аянтчаларына колдонулат, бирок түз соода кылган операцияларга таасирин тийгизбейт.
Еврокомиссия буга чейин Европа биримдигинде TTF ири европалык хаб үчүн убактылуу рынокту жөнгө салуу механизмин иштеп чыгууну сунуштаган.

Кооптуу чечим

Газ баасынын чегин киргизүү ЕБ үчүн "оор чечим" болду. Австриянын энергетика министри Леоноре Гевесслердин айтымында, Вена мындай чечим жеткирүүнүн коопсуздугуна таасир эткендиктен калыс бойдон калды. Олуттуу өзгөрүүлөргө карабастан, Австрия дагы деле "газ түтүктөрүнө" көз каранды бойдон калууда.
Венгриянын ТИМ башчысы Петер Сийярто белгилегендей, Будапешт менен Берлин баш болгон Евробиримдиктин тогуз мүчөсү мындай чараларга каршы добуш берген.

Россиянын реакциясы

Россиянын ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Юрий Сентюрин РИА Новостиге Евробиримдиктин газдын баасын жогорулатуу демилгеси рыноктун мыйзамдарына каршы келип, деградацияга кептей турганын билдирген.
ТИМ: Евробиримдиктин газга болгон чектөөсү рыноктун деградациясына алып келет