БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Салык кызматына банктык сырларды алууга уруксат берүү мыйзам долбоору боюнча жооп берди.
Бүгүн Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Анда Кыргызстан банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев Экономика министрлигинин долбоору жарандардын Конституция менен белгиленген кол тийбестик укугун тебелей турганын белгиледи.
"Баш мыйзам боюнча ар бир адамдын жеке маалыматтары корголушу керек. Бул мыйзам кабыл алуунун кесепети депозиттер менен кредиттик ресурстун азайышына, элдин ишенимин жоготууга, банк системасындагы бизнестин алсырашына алып келет. Кесепети өтө оор болот. Биз буга өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Жети өлчөп бир кесүү шарт. Азыркы Салык кодексинде банктык маалыматты сот аркылуу гана алууга болот. Ушул норма эле калсын, болбосо Конституцияны өзгөртүш керек", — деди Абдраев.
Ага Амангелдиев жооп берип, мындай жол менен экономиканы көмүскөдөн чыгарууну көздөп жатканын айтты.
"Биздин салык базанын дээрлик 70 пайызы көмүскөдө. Өкмөттүн милдети 2027-жылга чейин экономиканын көмүскө секторун 15 пайызга чейин кыскартуу, анын ичинде салыктык база да бар. Эгер ак ниетсиз ишкер соода операцияларын жашырып жатса аны кантип ишке ашырабыз? Салык органдары чакан штаты менен тобокелчиликтердин баарын кантип иликтеп чыгат? Мисалы, айыл чарба өндүрүшү менен иштегендердин маржасы 10 пайыздан ашпайт дейт, ал эми ак ниетсиз өндүрүшчүлөрдүн кирешеси 10 пайызга жетүүдө. Анан кантип тең ата атаандаштык болот? Банктын эсептик чени 14 пайызды түзөрүн эске алыш керек. Бул мыйзам ак ниет ишкерлерге таасир этпейт", — деди Амангелдиев.
Экономика министри кеп депозит жана ячейкалар жөнүндө эместигин, банктык эсеп аркылуу жүргүзүлгөн операциялар тууралуу болуп жатканын белгиледи. Ошону менен катар эгер салыкчы банктык сырды ачыктап жибере турган болсо банк кызматкери сыяктуу эле жоопко тартыларын кошумчалады.