Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкидеги Калинин ооруканасы аткылоого алынды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Украиналык аскерлер Донецкидеги Калинин ооруканасын аткылашты. Бул тууралуу РИА Новостинин ошол аймакта жүргөн журналисти кабарлаган.
Агенттиктин Telegram-каналы ал түнү болгон аткылоодон бир нече видеону жарыялады.
Маалыматта оорукананы талкалап кеткен октор "Град" залптык системадан атылганы айтылат.
Донецкидеги ДЭРдин Украинадагы аскердик кылмыштарга байланышкан маселелерди жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу боюнча биргелешкен борборунун өкүлү украиналык куралдуу күчтөр Калинин районуна залптык ок чыгарган реактивдүү тутум аркылуу 15 ракета атылганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкидеги оорукана аткылоого кабылып, бир бейтап көз жумду. Видео