Радио

Мурзабеков: депозиттерди коргоо фонду 4,3 миллиард сомдон ашты

Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Эркебай Мурзабеков аманаттарды сактоодо жарандардын банк системасына болгон ишеними жогорулап калганын айтты.
Sputnik
2022-жылдын октябрь айына чейинки жыйынтык боюнча, жалпы депозиттерди коргоо фонду 4,3 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Эркебай Мурзабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан тарта аманаттарды коргоо системасынын катышуучулары фондду 335 миллион сомго толуктады.
"Жарандардын банктарга салган аманаттары Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин коргоосунда болот. Аманаттарды сактоодо жарандардын банк системасына болгон ишеними жогорулады. Албетте, каражатын атайын эсепте сактагандан чочулагандар да жок эмес. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айына чейинки жыйынтыгы боюнча, жалпы депозиттерди коргоо фонду 4,3 миллиард сомдон ашты. Ал эми жыл башынан тарта аманаттарды коргоо системасынын катышуучулары фондду 335 миллион сомго толуктады. Агенттик депозиттерди коргоо системасынын ишин камсыз кылат жана фонддун активдерин башкарат. Мындан тышкары, кепилденген учур келгенде аманатчыларга депозиттердин суммасын жана алар боюнча үстөк пайыздарды төлөп берет",— деди Мурзабеков.
Ошондой эле адис Депозиттерди коргоо боюнча агенттик санариптештирүү процесстерине көңүл буруп жаткандыгын кошумчалады.