Бишкектеги кафелердин биринде массалык мушташ болуп, эки киши бычак жеди

Бычактан жаракат алган эки киши Бишкек шаарындагы №1 ооруканага түшкөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы кафелердин биринде эки топко бөлүнгөн кишилер мушташып кетип, анын кесепети оңой болгон эмес. Бул туурасында Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.
Чатак боюнча тартип сакчыларына маалымат 20-декабрда болжол менен саат 02:00 чамасында келип түшкөн.
Милиция кафеге келгенде мушташкандар тарап кеткен.
Саат 06:50 чамасында Бишкек шаарындагы №1 клиникалык ооруканага С.Т жана Р.Т аттуу эки киши кайрылып, бычак жегенин айтышкан. Факт Октябрь райондук милициясынын маалыматтарды каттоо журналына түшүрүлүп, тергөөгө чейинки иштер башталган. Учурда милиция мушташтын катышуучулары менен кишилерге бычак ургандарды издеп жатат.
Чыгыш-5 районундагы мушташ өлүм менен аяктап, жети киши кармалды