Сасык тумоо күчөп жатат. Бишкектеги бейтапканалардын телефондору

Кыргызстанда өткөн жумада сасык тумоо менен гриппке чалдыккандардын саны 44 миңден ашканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. КРВИ жана сасык тумоо менен кайрылгандар көбөйгөнүнө байланыштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун күндүзгү стационарлары дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 8:00дөн 18:00гө чейин жана жекшемби күнү 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
"Оорунун алгачкы белгилери байкалганда эле бет кап тагынып, аралыкты сактап, эл көп чогулган жерлерге барбай, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп, бөлмөлөрдү тез-тез желдетип туруу керек. Ошондой эле дарыгерге кайрылуу зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
ҮБД телефон номерлери:
№1 — 0312 64 45 42;
№2 — 0312 21 03 57;
№3 — 0312 32 52 32;
№4 — 0312 43 39 07;
№5 — 0312 63 51 23;
№6 — 0312 57 02 84;
№ 7 — 0312 66 20 44;
№8 — 0312 42 69 62;
№9 — 0312 21 17 32;
№10 — 0312 67 82 74;
ишеним телефону — 118.
Өткөн жумада 44 миңден ашык киши сасык тумоо, грипп менен ооруду