Жапаров кеңешчиси Жумаевди кетирип, ордуна кайра Койчиевди дайындады

Жаңы дайындалган кеңешчи буга чейин да иштеп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кеңешчисин алмаштырды.
Ал эки жарлыкка кол коюп, Алтынбек Жумаевди кеңешчиликтен кетирип, ордуна Арслан Койчиевди дайындады.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын февраль айында тарыхчы жана журналист Койчиев президенттин кеңешчиси болуп кызматка алынган. Быйыл жайында ал түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалып кеткен болчу. Бүгүн аны Жапаров кайрадан өзүнө кеңешчи кылып алганы белгилүү болду.
Ал эми Жумаев өткөн жылдын аягында президенттин маалымат кызматынын башчылыгына келип, августта кеңешчи кызматына которулган. Бүгүн ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан бошотулганы айтылды. Азырынча кайсы кызматка барары белгисиз.
Айыл чарба министрине жаңы орун басарлар дайындалды