АКШда мамлекеттик кызматтагыларга TikTok колдонууга тыюу салынмакчы

Буга чейин АКШнын бир нече штатында социалдык тармакты колдонууга бөгөт коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. АКШнын 2023-жылга карата бюджетинин долбоорунда мамлекеттик кызматта иштегендерге TikTok социалдык тармагын колдонууга тыюу салган жобо бар. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Американын атайын кызматы TikTok улуттук кооптуулукка коркунуч жаратат деген тейде бир нече ирет баса белгилеп айткан жайы бар.
ЦРУнун директору Уильям Бёрнс тиркеме Кытай компаниясына таандык деген жүйөнү келтирүү менен америкалык аткаминерлерге анын кооптуулугун белгилөөгө аракет кылган.
"Кытай өкмөтү америкалык колдонуучулардын маалыматтарын алып, андан кийин контентти чектеши мүмкүн", — деген ал бир нече күн мурда.
Бул белгилүү тиркемени кыска видео тартуу жана көрүү үчүн колдонууга Жоржия, Техас, Алабама, Түштүк жана Түндүк Дакота штаттарындагы мамлекеттик кызматта иштегендерге тыюу салынган.
Депутат Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабууну сунуштады