Баатырова: жакында "Коопсуз шаардан" түшкөн акчага 93 тез жардам унаасын алабыз

Министрдин айтымында, учурда иштеп жаткан транспорттун 60-70 пайызы 10 жылдан ашык убакыттан бери колдонулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жаңы жылдан кийин "Коопсуз шаардан" түшкөн каражаттын эсебинен 93 тез жардам унаасы сатып алынат. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова парламентте билдирди.
Министрдин айтымында, норма боюнча, тез жардам кызматындагы бир автоунаа 5,5 жылга чейин гана пайдаланууга эсептелген. Учурда иштеп жаткан транспорттордун 60-70 пайызы 10 жылдан ашык убакыттан бери колдонулууда. Аны менен катар борбор калаадагы кырдаал тууралуу да маалымат берди.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык автобазада 74 тез жардам унаасы турат. Анын 30у колдонуудан чыгарылышы керек. Бешөө жол кырсыгына кабылып, оңдолуп жатат. Учурда 33 транспорт кызматка чыгууда. Күнүнө 2000ден ашуун чакыруу түшүп жатат, мындан улам Бишкекке кошумча дагы беш унаа бөлүп бердик. Жакында "Коопсуз шаар" боюнча 93 автоунаа алабыз, анын сегизин дагы беребиз", — деди Баатырова.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Азамат Муканов 2023-жылы борбор калаа жалпысынан 17 бригада менен толукталарын кошумчалады.
Бишкекке Кытайдан келчү автобустардын видеосу жарыяланды