Радио

Белекбаев: 31-декабрь күнү уруксат берилсе фейерверк болот

Мэриянын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев 31-декабрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында уюштурулчу иш-чаралар тууралуу айтып берди.
Sputnik
31-декабрь күнү саат 00:00до Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында уруксат берилсе фейерверк болот. Бул тууралуу Урмат Белекбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жаңы жылдык концертке чет элдик ырчылар келбейт.
"Бишкектин ар бир району жаш балдарды чогултуп, майрамдык маанай тартуулайт. Тээ илгертен бери мэрия эртең менен жаш балдар үчүн концерт уюштуруп келчү. Бирок бул жылы райондорго тапшырдык. Анткени саамалыктан кийин бала бакча жана мектептерде уюштурулган балатыга да барып, чарчап калышат экен. Ал эми "Ала-Тоо" аянтында балаты жандырылгандан кийин жарманке уюштурулат. 31-декабрь күнү саат 18:00дөн баштап LED-экрандар коюлуп, музыкалык шаймандар орнотулат. Саат 19:00дон баштап концерт башталып, кыргызстандык ырчылар өнөрлөрүн тартуулайт. Саат 00:00дө эгер уруксат берилсе фейерверк болот. Азырынча салют так аныктала элек", — деди Белекбаев.
Ал ошондой эле жаңы жылга карата райондордун жана мекемелердин жасалгаланышы боюнча шаардыктардын арасында конкурс уюштурулуп жатканын кошумчалады.