ЖККУ контингентин кеңейтүүнү пландап жатабы? Баш катчынын жообу

Зась ЖККУнун аскердик мүнөздөгү бардык коркунучтарга жооп кайтарууга потенциалы бар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун азырынча контингентин кеңейтүү планы жок. Бул туурасында уюмдун башкы катчысы Станислав Зась билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө сүйлөдү.
"Планыбыз жок, бизде жамааттык коргонуу күчтөрү, ыкчам чара көрүү күчтөрү жана Борбор Азия регионунда ыкчам аракетке келүү күчтөрү жетиштүү. Андыктан биздин уюмдун азыркы потенциалы жөн эле чоң эмес, өтө чоң деп айтсак болот. Бардык коркунучтарга, анын ичинде аскердик мүнөздөгү аракеттерге жооп кайтарууга жетиштүү дарамети бар", — деди Станислав Зась.
Путин: Казакстанда ЖККУ күчтөрүн колдонуу тажрыйбасы талданды