Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын соккусунан кийин жарыксыз калган Украинанын спутниктен тартылган сүрөтү

Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын инфраструктурасына сокку урууну Крымдагы көпүрө жардырылгандан кийин баштаган. Россиялык бийликтин айтымында, бул терактынын артында украиналык атайын кызмат турат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Американын NASA космостук агенттиги Россиянын соккусунан кийин электр жарыгысыз калган Украинанын спутниктен тартылган сүрөтүн жарыялады.
17-декабрда тартылган сүрөттөн Украинаны дээрлик караңгы каптап, жанындагы өлкөлөрдүн жарыгын көрүүгө болот.
Жума күнү Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинадагы объектилерге ири ракеталык чабуул жасады. РФ Коргоо министрлиги алыс аралыкка атуучу курал менен аскердик башкаруу тутумдарына, аскердик өнөр жай комплексине жана аларды камсыз кылган энергетикалык объектилерге сокку жасалганын билдирген. Украина президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенконун айтымында, өлкө боюнча электр тармактарынын объектилерине зыян келтирилгендиктен электр энергиясы өчүрүлүп турмай болгон.
NASA Күндүн "жылмайган" сүрөтүн жарыялады. Окумуштуулар кооптуулугу тууралуу