БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Катарда Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, Жапаров аталган өлкөгө 18-декабрь күнү эмир шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин чакыруусу менен барган. Өлкө президенти дүйнө чемпионатынын финалдык оюнун көрдү.
"Жапаров менен Эрдоган саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.
Президенттер жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну макулдашканы айтылды.