Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасына төрага болуп шайланды

Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстандын экономикасынын дүйнөлүк экономикага интеграцияланышына көмөктөшкөн өкмөттүк эмес уюм.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдады.
Билдирмеге ылайык, Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстан экономикасынын дүйнөлүк экономикага интеграцияланышына көмөктөшкөн өкмөттүк эмес уюм. Мекеме ишкерлердин кызыкчылыгын көздөп, алардын атынан иш алып бара алат.
Темир Сариев 60 жашта, Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Буга чейин Соода-өнөр жай палатасын жетектөөгө үч талапкер тандалгандыгы маалымдалган. Жалпы жонунан тогуз киши президент болуу ниетин билдирген, бирок талапкер катары үчөө тандалып алынган болчу.
Канат Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланды