Садыр Жапаровдун учагы: эки варианттын бирин тандап жатышат

Кечээ президент Катарга бизнес-класстагы учак менен барган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президенттин администрациясы мамлекет башчы Садыр Жапаров үчүн эки учактын бирин тандап жатышат.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев ал же Bombardier Challenger, же Embraer Legacy болорун билдирди. Экөө тең өтө ыңгайлуу бизнес-класстагы аба транспорттору.
Султанбаев бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатканын билдирди.
"Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттери үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон.
Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катар мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапарын дагы", — деп жазды маалымат катчы.
Султанбаев Жапаровдун Катарга кайсы учак менен барганын тактаган жок.
Садыр Жапаров Катарда дүйнө чемпионатынын финалын көрүүдө. Видео