БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин Минскиге Беларусту Украинадагы атайын операцияга катыштыруу үчүн баратат деген маалыматты четке какты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Песков мындай маалыматтарга "наадандык жана такыр эле негизи жок ой сыяктуу" мамиле жасаш керектигин айткан.
Бүгүн Путин Минскиде президент Александр Лукашенко менен жолугат. Россия лидерин коргоо жана тышкы иштер министрлери Сергей Шойгу менен Сергей Лавров коштоп жүрөт.
Октябрдын башында Александр Лукашенко Киев Беларустун чек арасына 15 миңге чукул аскерди алып келип жайгаштыргандыгын билдирген. Ал беларус аскерлери Россиянын Украинадагы атайын операциясына катышпай тургандыгын айткан эле. Анын билдиргенине караганда, Минскинин милдети — өзүнүн аймагына чабуул коюуга, Польшага, Латвия жана Литвага жол бербөө.