БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Келерки жумага карата Нарын облусундагы аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет агенттиги божомолун таратты.
Нарында дагы башка облустардагыдай эле жуманын башында кар жаабайт, бирок күн суук болот.
21-декабрда кечке жуук айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. 22-декабрда дагы кээ бир аймакта кар жаашы күтүлөт.
Ал эми 23-24-декабрда жаан-чачын жаабайт деп болжолдонду.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.