РФ ТИМи: Евробиримдиктин газдын баасын чектеши рынокту деградацияга кептейт

Ноябрда Еврокомиссия газдын баасын ооздуктоо үчүн рынокту тескөөчү убактылуу механизмдерди иштеп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Евробиримдиктин газдын баасын чектөө демилгеси рынок мыйзамын бузуп, деградацияга кептейт. Бул тууралуу РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Юрий Сентюрин билдиргенин РИА Новости жазды.
Бүгүн ЕБ энергетика министрлери жаратылыш газына болгон баанын максималдуу чегин талкуулай турганы күтүлүүдө.
"Ар кандай пикир айтылышы мүмкүн, баары рынок мыйзамынан алыс. Бул рынокко каршы чаралар. Менимче, мындай кадам рынокту деградацияга кептейт", — деди Сентюрин.
Буга чейин ЖМКлар ЕБ Кеңешине төрагалык кылган Чехия башка мамлекеттерге газга болгон баанын чегин 275 евродон 188 еврого түшүрүүнү сунуштаганын жазышкан.
Эскерте кетсек, ноябрда Еврокомиссия газдын баасын ооздуктоо үчүн рынокту тескөөчү убактылуу механизмдерди иштеп чыккан.
Ал эми РФ лидери Владимир Путин Батыштын кадамдарына комментарий берип жатып, Москва өз кызыкчылыгына каршы келе турган болсо чет жакка эч нерсе сатпай турганын билдирди.
Ойлогондой болбоду... Мунайдын баррели 100 доллардан ашабы?