Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкидеги оорукана аткылоого кабылып, бир бейтап көз жумду. Видео

РИА Новостинин кабарчысы аткылоодон кийин оорукананын үч корпусу талкалангандыгын тактап чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Донецкидеги Калинин атындагы оорукананын корпусун Украинанын куралдуу күчтөрү аткылагандан кийин күйүп кетти. Бул туурасында аталган шаардын мэри Алексей Кулемзиндин айтканына таянып РИА Новости жазды.
Ооорукана октун алдында калып, анын кесепетинен бир бейтап көз жумган. Мурдараак, бир нече адам жаракат алганын, алардын абалы оор экенин кабарлашкан.
"Тилекке каршы, Калинин атындагы оорукананын аткылого алынган №6 корпусундагы жаракат алган киши кайтыш болуп калды,"— деп жазган ДЭРдин башчысы Денис Пушилин Telegram каналына. Ал маркумдун жакындарына көңүл айткан.
Корпустун талкаланган жерлерин текшерип чыгышкан, учурда өрттүн очоктору жок экендигин айтышты.
"Бейтаптарды оорукананын имараттарынан сырткары алып чыгып кетүү туурасында маселе көтөрүлгөн жок, аларды талкаланбай калган палаталарга көчүрүп жатышат", — деп жазган Telegram каналына.
РИА Новостинин кабарчысы аткылоодон кийин оорукананын үч корпусу талкалангандыгын тактап чыккан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкинин мэри 2014-жылдан берки массалык чабуул туурасында билдирди