Азиз Мурадилаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Видео

Актёрдун артында улгайган энеси, жубайы жана эки уулу калды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевдин бүгүн сөөгү жерге берилди.
Актёрдун жаназасы Бишкек шаарындагы үйүндө окулуп, андан соң өзү өмүрүн арнаган (иштеген), балалыгы өткөн Кыргыз улуттук драма театрында коштошуу зыйнаты өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, маданият ишмерлери, сахналаштары жана туугандары келип кино жылдызын акыркы сапарга узатышты. Андан соң сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
1 / 4

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевдин бүгүн сөөгү жерге берилди

2 / 4

Актёрдун жаназасы Бишкек шаарындагы үйүндө окулуп, андан соң өзү өмүрүн арнаган (иштеген), балалыгы өткөн Кыргыз улуттук драма театрында коштошуу зыйнаты өттү

3 / 4

Андан соң сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

4 / 4

Азиз Мурадилаев 44 жашта эле. Ал боор циррозу менен жабыркап көптөн бери ооруп жүргөн, соңку күндөрү абалы начарлап, реанимацияда жаткан.

Азиз Мурадилаев 44 жашта эле. Ал боор циррозу менен жабыркап көптөн бери ооруп жүргөн, соңку күндөрү абалы начарлап, реанимацияда жаткан. Актёрдун боорун алмаштырууга 45 миң доллар керектелип, акчанын көп бөлүгүн мамлекет башчы Садыр Жапаров бөлүп берген. Операцияны чет өлкөдөн жасоо пландалып жаткан. Мурадилаевдин артында улгайган энеси, жубайы жана эки уулу калды.
Кыргыз эли Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатты. Видео