Актёр боор циррозу менен жабыркап ооруканага түшкөн, соңку күндөрү реанимацияда жаткан. Анын боорун алмаштырууга 45 миң доллар керектелип, акчанын көп бөлүгүн мамлекет башчы бөлүп берген эле. Операцияны чет өлкөдөн жасоо пландалып жаткан. Тилекке каршы, актёрду сактап калуу аракети ийгиликсиз болуп, 17-декабрь күнү көз жумду. Ал 44 жашта болчу. Кыргыз киносу жана театрында көптөгөн ролдорду жаратып, өзгөчө "Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын ролу менен элдин эсинде калган.