Периштелер парадынан Айды айланган капсулага чейин. Апта ирмеми

Аргентинанын курама командасы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта чемпион болсо, Лос-Анжелести торнада каптады, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы жабылды... Sputnik өткөн аптадагы окуялардын сүрөт баяндамасын сунуштайт.
Sputnik
1 / 20

Аргентинанын курама командасы Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы ири жеңишин майрамдап жатат. Финалда топ чеберлери пенальтилер сериясында франциялык атаандаштарын 4:2 эсебинде жеңип алды. Аргентина соңку ирет 1986-жылы чемпион болгон эле.

2 / 20

Лондондогу Ричмонд-парктагы тоңуп калган көлдүн асмандан көрүнүшү

3 / 20

Латын америкалык мигранттар Мексикадагы Чихуахуа штатындагы Рио-Браво дарыясын кечип өтүп, АКШга сапар алды

4 / 20

Биягама (Шри-Ланка) шаарында пил жана аны айдап алган киши

5 / 20

Венесуэланын Колумбиянын чектешкен жериндеги көпүрөгө мурда ири контейнерлерди тизип коюшкан. Бул 2015-жылы Каракастын чечими менен болгон эле. Эми аны 2023-жылдын 1-январына тарта ачмай болушту.

6 / 20

Активисттер Монреалда (Канада) адам укугун коргоо боюнча марш уюштурушту

7 / 20

Тынч океанда Мексика жээгине чыккан НАСАнын "Орион" капсуласы. Космостук кеме Айды эки ирет айланып учуп, анын бетине 120 чакырым жакындап барып, 26 күндөн кийин Жерге кайтып келди.

8 / 20

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы расмий түрдө жабык деп жарыяланды. Жабылыш аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземи 2020-жылдын февраль айынын аягында болуп, ага мамлекет башчылары катышкан. Жыл ичинде биргелешкен 221 иш-чара пландаштырылган.

9 / 20

Тилсиз жоо... Лос-Анжелести каптаган торнаданын кесепети.

10 / 20

Газа шаарында ХАМАСтын тарапкерлери уюмдун 35 жылдыгына арналган митингде

11 / 20

Автоунаа Гарц тоолорундагы (Германия) трассада кетип бара жатат. Асмандан тартылган сүрөт

12 / 20

Жаландхар (Индия) аймагындагы көңүл ооруткан көрүнүш. Курсак тойгузуунун камын көрүп жаткан киши.

13 / 20

Кубангандагы реакция. Грейс Стенке (оңдо) "Америка сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болду

14 / 20

Бразилиялык серфер Пауло Гвидо толкундуу Досе дарыясында

15 / 20

БШКнын өкүлүнө сөз тийгизип мазактаганы үчүн эки жыл жети ай 15 күн кесилген Экрем Имамоглу тарапташтарынын алдында сүйлөп жатат

16 / 20

Артисттер Прагада өткөн периштелер парадында (Чехия)

17 / 20

Пластик бөтөлкөдөн жасалган балатынын жанында сүрөткө түшүп жаткан эл. Каракасе (Венесуэла).

18 / 20

Орусчадагы бул сүрөттү алган жокпуз, балдар.

19 / 20

Императордук гвардиячы жоокер Кёнбок сарайынын жанында турат. Сеул, Түштүк Корея.

20 / 20

Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалынын алдындагы ирмемдер. 2022-жылдын 20-ноябрында башталган спорттук бул ири иш-чара 18-декабрда Аргентинанын курама командасынын жеңиши менен соңуна чыкты.

Тема боюнча:
Кызыктуу, эсте каларлык... КР менен РФтин эриш-аркак жылынын жабылыш аземи сүрөттө
Футбол чемпионатына күйөрман болгон татынакай кыздар. 18 ирмем