Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы эл аралык сынакта баш байгени жеңип алды

Сынакка тандоодон өткөн 14 тасма коюлган. Жеңүүчүгө алтын статуэтка менен акча каражатынын сертификаты тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргыздын белгилүү кинорежиссёру Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Евразия" эл аралык киносынагынан баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, XVI "Евразия" эл аралык кинофестивалы 18-декабрда Алматы шаарында жыйынтыкталды. Ага Евразия континентиндеги тандоодон өткөн 14 кинотасма катышкан.
Жеңүүчүгө "Евразия" эл аралык кинофестивалдын алтын статуэткасы жана акча каражатынын сертификаты тапшырылды. Фестивалдын жабылыш аземинде да жеңүүчүнүн тасмасы көрсөтүлгөн.
"14-декабрда Алматы шаарында "Эсимде" тасмасы көрсөтүлүп, анда зал көрүүчүлөргө толуп, элдин купулуна толгон. Белгилей кетсек, бул Актан Арым Кубаттын "Евразия" эл аралык кинофестивалындагы биринчи жеңиши эмес. 1998-жылы "Бешкемпир" тасмасы, 2010-жылы "Свет аке" фильми жеңүүчү деп табылган. "Евразия" кинофестивалы 1998-жылы негизделген. Ал бүгүнкү күндө Казакстандагы Кинопродюсерлер ассоциациясынын эл аралык федерациясынын аккредитациясынан өткөн жалгыз фестиваль", — деди Койчуманова.
2012-жылы Британиянын көрүнүктүү International Film Guide басылмасы "Евразияны" дүйнөдөгү 35 мыкты кинофестивалдын катарына кошкон.
Эске салсак, режиссёр Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы быйыл эле Борбор Азия киноакадемиясы үчүн сыймык болгон "Азия Оскарын" алган.
Калипа Таштанова эл аралык кинофестивалда "Аялдын мыкты ролу" сыйлыгын алды