Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай АКШнын Украина жаңжалында көздөгөн үч максатын атады

Владимир Путин Россияны ооздуктап алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Украина кризисине активдүү катышып, анын курчушуна салым кошуу менен АКШ үч негизги максатты көздөп жатканын кытайлык эксперттер Global Times порталына берген маегинде билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Фудан университетинин эл аралык изилдөөлөр институтунун деканы У Синбо белгилегендей, АКШнын Украинадагы жаңжалда үч максаты бар: Россияны ар тараптуу алсыздандыруу, Зеленскийдин режимин турукташтыруу жана Европаны АКШнын саясатын карманууга түртүү.
Басылма маектешкен адистердин айтымында, кризис дагы эле чечиле элек.
"АКШ менен ЕБ орус-украин жаңжалын басаңдатууга эч кандай аракет көргөн жок, ал тургай курал-жарак, ок-дары берип, тескери жакка кадам таштады. Кризисти чечүүнүн ачкычы АКШ менен Евробиримдиктин колунда", — деп билдирди КПК борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүнүн мурдагы орун басары Чжоу Ли.
Кытайдын Жэньмин университетинин эл аралык мамилелер институтунун директору Ван Ивей украин кризисинин улануусу үчүн жоопкерчилик Американын айрым түзүмдөрүндө экенин баса белгиледи.
"АКШдагы төрт негизги топ — аскердик конгломераттардын тобу, энергетикалык топ, каржылык топ жана санариптик олигархия — Украинадагы жаңжалдан алынган пайдага жана аскердик дивиденддерге канааттанбайт", — деп айткан адис.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин даярдады