Садыр Жапаров Катарда дүйнө чемпионатынын финалын көрүүдө. Видео

Өлкө башчынын иш сапар менен кеткени бүгүн маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровду футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнуна Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өзү чакырган. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Президенттин Катарга кеткени бүгүн белгилүү болгон.
Султанбаев өлкө лидерлери акыркы мезгилде эки ирет жолугушканын белгиледи. Биринчи жолу Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында, кийинкисинде Астанада өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеде кездешкен.

"Бул жолугушуулардын учурунда Катардын эмири президент Жапаровду жеке өзү Катарга, анын ичинде 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине чакырган", — деп жазган маалымат катчы.

Учурда Катарда өтүп жаткан Аргентина менен Франциянын беттешин көрүү үчүн дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнүн лидери ардактуу конок катары келгени белгиленди.
Президент Садыр Жапаров Катарга барды. Сүрөттөр