Мекендештер өз үйүндө иштеши үчүн болгон күчтү жумшайбыз. Президенттин кайрылуусу

Президент мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу боюнча дайыма ырааттуу иш жүрүп турушу абзел экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрда, мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ал дүйнөлүк мейкиндиктеги миллиондогон эмгек миграциясы жокко чыгарууга болбой турган, калыптанып калган көрүнүш экенин айтып, ошентсе да мигранттардын укуктук абалын жакшыртуунун үстүндө дайыма ырааттуу иш жүрүп турушу абзел деген.
"Бүгүнкү күндө дүйнөлүк миграциялык агымга жараша биздин жарандарыбыз дагы белгилүү бир жагдайлардан улам бул процесстин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Мекендештерибиз чет жерлерде талбай иштеп өздөрү, жакындары үчүн жаңы жашоо курууга далалат кылып, алга умтулушууда. Ошону менен катар эле жергиликтүү деңгээлдеги социалдык маселелерди чечүүгө, социалдык жана башка инфратүзүмдүк объектилерди курууга, өндүрүш ишканаларын ачууга жана жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүп, Ата Мекенинин өнүгүүсүнө салым кошуп келет", — деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.
Өлкө башчы акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстандагы түрдүү долбоорлорго инвестиция салууга чоң кызыгуусун билдирип келерин, бул миграция менен өнүгүүнүн ортосундагы ачык-айкын байланыштын далили экенин айткан.
Жапаров мамлекет мындай демилгелерди кубаттап, бардык шарттарды түзүү аракетинде экенин айтып, 2021-жылдын 29-январындагы "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө" жарлыкты жана 2021-2030-жылдарга бекиген КРдин миграциялык саясатынын концепциясын мисал келтирген.
"Ошону менен бирге Кыргызстанда жумуш орундарын түзүп, мекендештерибиздин балдары менен ата-энелеринин кашында болуп, өз мекенинде, өз үйүндө иштеши үчүн бар күч-аракетибизди жумшайбыз!" — деген президент.
Тиешелүү мамлекеттик органдар чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн жарандарды, өзгөчө ЕАЭБ аймагында эмгек мигранттарды колдоо үчүн мүмкүн болгон аракеттердин баарын жасап жатканын кошумчалаган.
Москвадагы кыргызстандыктар укугун коргоо үчүн каякка кайрылса болот? Номерлер