Президент Садыр Жапаров Катарга барды. Сүрөттөр

Президент Садыр Жапаров эмир шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен ал мамлекетке иш сапары менен Катарга келди.
Жапаровду Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, эмир шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катарга келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчынын учагы Доха шаарындагы "Хамад Интернешнл" эл аралык аэропортуна конду.
Сүрөттөрдөн жерге килем төшөлүп, Ардак кароол тизилгенин көрүүгө болот. Жапаровду траптан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды.
 Өлкө башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Мекендештер өз үйүндө иштеши үчүн болгон күчтү жумшайбыз. Президенттин кайрылуусу