Ош шаарында жолдун чаңы суу менен тазаланып жатат. Сүрөт

"Ош-Тазалык" кызматы бул иш калаанын жашоочуларынын өтүнүчү менен аткарылып жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Ош шаарында жолдор чаңдан тазаланып жатканын "Ош-Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишканасы кабарлады.
1 / 3

Ош шаарында жолдор чаңдан тазаланып жатканын "Ош-Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишканасы кабарлады

2 / 3

Билдирмеде бул иш калаанын жашоочуларынын өтүнүчү менен аткарылып жатканы айтылат.

3 / 3

Сүрөттөн мекеменин кызматтык автоунаалары көчөлөргө суу чачып жүргөнүн көрүүгө болот.

Билдирмеде бул иш калаанын жашоочуларынын өтүнүчү менен аткарылып жатканы айтылат. Сүрөттөн мекеменин кызматтык автоунаалары көчөлөргө суу чачып жүргөнүн көрүүгө болот.
"Бул үчүн атайын эс алуу күнү тандалып алынган, абанын температурасы нөлдөн жогору", — деп жазылды маалыматта.
Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ош облусунда күн жылуу боло турганын билдирген эле.
Айлыгы 25 миң сомдон жогору. Бишкекте "Тазалык" жумушчуларды ишке чакырат