Радио

Касымова: өлкөдө бала бакчалардын саны быйыл 1,4%га өстү

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова 2025-жылга чейин өлкөдө 560 кыска мөөнөттүү балдар бакчасы ачыларын айтты.
Sputnik
Республикада быйыл жаңы 62 бала бакча ачылып, былтыркыга салыштырмалуу 1,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бала бакчаларда билим берүүдө кыргыз тилине басым жасалат.
"Билим берүү саясатын ишке ашырууда билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына маани берилет. Министрлик түрдүү багыттагы балдар бакчасын ачуу максатын коюп, мыйзамга да түзөтүү, кошумчаларды киргизүүдө. Мисалы, кыска мөөнөттүү бала бакчалар, балдарды өнүктүрүү борборлору, мектептерди оптимизациялоонун натыйжасында атайын бакчалар ачылууда. Жалпысынан алганда республика боюнча балдардын 48,6 пайызы мектепке чейинки билим берүү программалары менен камсыздалган. Ал эми күнүнө бала бакчага барып, 10 сааттык тарбия алган өспүрүмдөр 24 пайызды түзөт. Мындан тышкары, республикада быйыл жаңы 62 бала бакча ачылып, былтыркыга салыштырмалуу 1,4 пайызга өстү. Ал эми 2025-жылга чейин өлкөдө 560 кыска мөөнөттүү балдар бакча ачуу пландалып жатат", — деди Касымова.
Ошондой эле адис мектепке чейинки билимди ала албагандар үчүн "Билимдүү муун" платформасынын алкагында мобилдик тиркеме сунушталып, негизги билимдер берилерин кошумчалады.