БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 19-декабарда, саат 10:30да өзү өмүрүн арнаган Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу аталган театр кабарлады.
Буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова артист сөөгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюуну суранганын айткан. Президент Садыр Жапаров буга макулдугун берген.
Мурадилаев кечээ, 17-декабрда, көз жумду. Ал 44 жашта болчу. Актер боору жабыркап ооруканага түшкөн, соңку күндөрү реанимацияда жаткан. Анын боорун алмаштырууга 45 миң доллар керектелип, акчанын көп бөлүгүн мамлекет башчы бөлүп берген эле. Операцияны чет өлкөдөн жасоо пландалып жаткан.