Депутат катализатору жок унааларга айып салуу мыйзам долбоорун демилгеледи

Сунушталган мыйзам кабыл алынса транспортту каттоо учурунда мамлекеттик орган катализатору бар-жогун текшерет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Катализатору жок автоунаалардын ээлерине айып пул салуу мыйзам долбоору сунушталды.
Аталган демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көтөрүп, коомдук талкууга койду. Максаты — катализатору өзгөрткүчтөрү жок автоунааларды айдап жүргөн ак ниетсиз жарандарды жазалоо жолу менен экологияны жакшыртуу.
Сунушталган мыйзам кабыл алынса транспортту мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, эсептен чыгаруу учурунда катализатору текшерилет. Эгер жок болсо жөнөкөй жарандарга 20 миң, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.
“Кыргызстанда автотранспорт айлана-чөйрөнү булгаган негизги булак болуп саналат. “Унаа” мекемесинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата 1 миллион 103 миң 445 жеңил автокөлүк катталган.

Автоунаадан чыккан түтүн газдарына ууланган чөйрөдө көпкө жүрүү жалпы эле организмди алсыратып, иммунодефицитти пайда кылат. Андан тышкары түрдүү оорулардын себеби болушу мүмкүн. Мисалы, дем алуунун жетишсиздиги, гайморит, ларинготрахеит, бронхит, бронхопневмония, өпкөнүн рагы”, — деп жазылат долбоордун маалыматтык негиздемесинде.

Белгилей кетсек, буга ИИМ мыйзамдан жеңил автоунааларды милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү алып салынгандан кийин катализатору бар-жогун текшере албай калганын айткан.
Бишкек менен Чүйдөгү ыш: микроавтобустар текшерилет