Жалал-Абад облусунда кийинки жумада аба ырайы кандай болот

Аймакта жуманын ортосунда кар жаайт, калган күндөрү күначык.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Жалал-Абад облусу боюнча аба ырайы кандай болорун маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 18-20-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 18-декабрда айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Жуманын ортосунда дагы, тагыраагы, 21-декабрда түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке маал айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.
22-декабрда түнкүсүн күпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Ал эми 23-24-декабрда жаан-чачын жаабайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.
Ош облусунда 10 градуска чейин жылыйт. Алдыдагы аптага карата аба ырайы